Аялга зомбулук көрсөткөн деген айып менен милиция кызматкери кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) аялга зомбулук көрсөткөн делген айып менен Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын багыттагы полкунун кызматкери, милициянын капитаны (Р.О.Б.) кармалганын билдирди.
25-июнда социалдык тармактарда эркек киши бир аялды чаап жиберген видео тараган. Жабыркаган аял бул факты боюнча арыз менен кайрылып (Н.к.Н.), окуя 17-майда ГЭС-5 аймагында болгонун айткан. Анда ИИМдин кызматкери мас болуп аны бетке чаап жибергенин билдирген.
Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
@azattyk_radiosu
>>Click here to continue<<
