Бишкек шаарындагы атышууга шек саналып тогуз киши кармалды
Бишкекте курал колдонулган мушташка байланыштуу тогуз киши кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.
Маалыматка караганда, 13-майда шаардын Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ болуп, ок атылгандай добуштар угулганы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты Кылмыш-жаза кодексиниин "Бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр кармалды. Алардын улуусу 35, кичүүсү 17 жашта. Кармоо учурунда мушташта ок атылган тапанча алынып, экспертиза дайындалды. (Иллюстрация сүрөт).
@azattyk_radiosu
>>Click here to continue<<