‼️Сузактагы окуя: Комиссия алты адамды кызматтан бошотууну сунуштады
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда “Манас айтуу” сынагында окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуянын чоо-жайын иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын иши аяктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ведомстволор аралык комиссия тартиптик жаза жарыялоо, ошондой эле тармактык министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотууну сунуштады. Бардыгы болуп тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды, анын ичинен алты адамды кызматынан бошотуу сунушу берилди. Алар кимдер экени так көрсөтүлгөн эмес.
@azattyk_radiosu
>>Click here to continue<<