Казакстанда аялынын өлүмүнө айыпталган мурдагы министр 24 жылга эркинен ажыратылды
Казакстанда аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен кыйнап өлтүргөн деп айыпталган мурдагы министр Куандык Бишимбаев күнөөлүү деп табылды. 13-майда борбор калаа Астананын район аралык кылмыш сотунда жарыяланган өкүмгө ылайык, ал 24 жылга эркинен ажыратылды, жаза мөөнөтүн максималдуу коопсуздук абагында өтөмөй болду.
Ал эми Бишимбаевдин кылмышын жаап-жашырган деген айып менен кармалган тууганы Бауржан Байжанов төрт жылга кесилди.
Соттук териштирүү 11-мартта башталган. Прокурор мурдагы министр былтыр ноябрда аялын бир нече саат тынымсыз сабаганын билдирген. 31 жаштагы Нукенова алган жараатынан эсине келбей көз жумган.
@azattyk_radiosu
>>Click here to continue<<