TG Telegram Group & Channel
«Азаттык» радиосу | United States America (US)
Create: Update:

‼️Грузияда «чет элдик өкүл» мыйзамы комитетте үчүнчү окууда колдоо тапты

Грузияда «чет элдик өкүл» мыйзам долбоору парламенттин юридика комитетинде бүгүн, 13-майда, үчүнчү окууда да колдоо тапты. «Азаттыктын» грузин кызматы билдиргендей, депутаттардын маселени карап, добуш беришине 67 секундалык убакыт гана кетти.

Парламенттин имаратына киргизилбей жаткан оппозиционер депутаттар комитеттин отурумуна катышууга үлгүрбөй калышты.

Комитеттин төрагасы Анри Оханашвили үчүнчү окууда адатта редакциялык гана оңдоп-түзөө болорун, башкаруучу партиянын депутаттарынан бүгүнкү отурумда эч кандай сунуш же суроо түшпөгөнүн айтты.

Мыйзамга каршылыгын билдирип келе жаткан демонстранттар акциясын парламенттин жанында улантып жатышат. Алардын айрымдарын полиция сабап, кармап кеткени кабарланууда. Митингчилер бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын депутаттарын көргөндө «Кулдар! Кулдар!» деп кыйкырып жатышты.

@azattyk_radiosu

>>Click here to continue<<

«Азаттык» радиосу

Share with your best friend
VIEW MORE

United States America Popular Telegram Group (US)